Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинаны колдогон өлкөлөрдүн лидерлери жолуга турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөлөрдүн лидерлери 27-мартта Парижде жолугат. Жолугушууда Орусия менен тынчтык келишими түзүлсө, Киевге бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү жана коопсуздук кепилдигин берүү маселеси талкуулана турганы айтылган.
"Биз келерки бейшемби күнү Парижде Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышуусунда "каалоочулар коалициясынын" кезектеги жыйынын өткөрөбүз", - деген Эммануэль Макрон журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Буга чейин Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага мындан аркы аскердик жардам көрсөтө турганын билдиришти.