Мындан 20 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта өлкөнүн ар бир облусунан толкуган эл Бишкекке чогулуп, мамлекеттин тунгуч президенти Аскар Акаев элдик каршылыктардан улам кызматынан чегинип, эгемен өлкөдө биринчи жолу элдик бийлик орногону жар салынган. Тарыхта бул окуя "Жоогазын революциясы" деген ат менен калган.
2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор ыплас өтүп, эл колдогон адамдар депутаттык мандаттарынан ажыраган. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир региондордо нааразычылык акциялары күчөгөн.
Чуулгандуу парламенттик шайлоодон чыккан жаңжал бийликтин баркын кетирип, акыры 24-март күнү миңдеген адамдар Бишкектеги Ак үйдү басып алышкан. Мамлекет башчысы өлкөнү таштап качып, өкмөт башчы отставкага кетишине байланыштуу Кыргызстанда кыска убакытка бийлик боштугу жаралган.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш татаал абалдан чыгып, парламент төрагалыгына Ишенбай Кадырбековду шайлаганга жетишкен. Башкарган башчысы жок отурганда шаарда талап-тоноо, укук бузуулар күч алган.
Оппозиция лидерлери 24-мартта жыйын куруп, анда Координациялык кеңеш уюшулган. Анын төрагалыгына Курманбек Бакиев дайындалып, Координациялык кеңеш алгачкы маселелер катары коопсуздук, тартипти сактоо маселесин карап, элдик кошуундар түзүлгөн. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Аскар Акаевдин өлкөдөн чыгып, ал эми өкмөт башчы Николай Танаевдин кызматтан кеткендигин билдирип, өлкөдөгү жогорку бийлик Координациялык кеңешке берилерин белгилеген.
Айта кетсек, 24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп саналган. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен ал жокко чыгарылган да, 2016-жылы "Эскерүү күнү" деп бекитилген.