Сауд Арабияда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү баштады

Бүгүн, 24-мартта Сауд Арабияда Орусия менен АКШнын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуу Ritz-Carlton мейманканасында жабык форматта өтүүдө. Сүйлөшүүгө орус тараптан Федерация кеңешинин эл аралык комитетинин башчысы Григорий Карасин жана ФСБнын директорунун кеңешчиси Сергей Беседа катышып жатканы айтылды.

Жолугушууда Украина жаңжалы талкууланып, ошондой эле Кара деңиз маселесине басым жасалары күтүлүүдө. Бул өз кезегинде дан, күйүүчү май ташууну жөнгө салып, сооданы коопсуз кыла алат.

Эске салсак, бир күн мурун Эр-Риядда америкалыктар менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан