2005-жылы Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаев саясатчы Феликс Куловдун штабында кыска убакытка иштешкен. Бул туурасында Кулов жергиликтүү басылмаларга айтып берди.
"Кырдаал мындай болгон. 2005-жылы мен абактан чыккандан кийин эмне болот деген суроо жаралган. Мени президентикке талапкерлигиңди кой дешип көндүрө башташты. Анан Садыр Жапаровду мурдатан билгендиктен, штабга чакырдым. Ал анда коомчулукта беделдүү жана активдүү саясатчы болгон", - деди Кулов.
Кулов сөзүн улай анын штабында ошол учурда Алмазбек Атамбаев жана бир нече оппозиция өкүлдөрү болгондугун кошумчалады.
"Ал жерде Атамбаев жана башка саясатчылар болгон. Эсимде, биз анын Форумда жайгашкан кабинетине чогулганбыз. Бул кыска убакытка созулду. Анан мени менен Азимбек Бекназаров (ред: ошол кезде башкы прокурордун милдетин аткаруучу) байланышка чыкты. Ал Аскар Акаев 14 жыл президент болгонун айтып, эми президент түштүктөн болушу керектигин белгиледи. Мен ошондо Бекназаровдон жердиктин айырмачылыгын сураганда, түндүк-түштүк маселеси жаралып калышы мүмкүндүгүн белгилеген. Кийин ал Курманбек Бакиев менен тандем болуп чыгуу сунушун бергенде, элдин ынтымагын өнүктүрүү үчүн бул кадамды кабыл алдым. Андан кийин штабда иштегендерге ыраазычылыгымды айтып, алар тараган", - деп кошумчалады Кулов.
Ал эми тандем менен алып барылган эл менен жолугушуулар штабсыз эле ишке ашкандыгын саясатчы белгиледи.
Айта кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров интервью берип, 2005-жылы Курманбек Бакиев менен иштешпегендигин билдирген болчу. Бул маселе журналисттердин бири учурдагы мамлекет башчысы мурунку президент Курманбек Бакиев менен штабда иштешкендигин айтып чыккандан кийин көтөрүлгөн.