Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта Кабар маалымат агенттигине маек берип, журналист Лейла Саралаеванын айткан сын-пикирлерине жооп берди.
Анда журналист "Чет өлкөдө жүргөн журналист Лейла Саралаева Ютуб каналында, соцтармакта бийликтин дарегине ар кыл сын-пикирлерин айтып келет. Саралаеванын билдирүүлөрүн көрүп турсаңыз керек?
Акыркы Ютубдагы берүүсүндө Курманбек Бакиевдин беш жылдык башкаруусуна саресеп салып, Камчыбек Кыдыршаевич менен сизди 2005-жылы Бакиевдердин штабында иштеген деп аларга байлоого аракет кылыптыр. Чындап эле 2005-жылы Курманбек Бакиевдин штабында иштедиңер беле?" - деп собол узатты.
Президент айтылган сындар чындыкка дал келбестигин айтып, 2005-жылы Куловдун штабында иштегенин билдирген.
"Мен ал журналистти тааныбайт экем. Ушунча жыл саясатта жүрүп, көңүл деле бурбаптырмын. Маек деле берген эмес экем.
Ошентсе да сурооңузга жооп берип коёюн. Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп. Мен Куловдун штабында иштегем. Ушуну так билбегенден кийин сиздин бул журналист кесиптешиңиз «самопал» же бир жолу колдонулуп ыргытылган кол жоолук сыяктуу журналист экен.
Куловдун штабында иштегенимди Атамбаев жакшы билет. Себеби Атамбаев Куловдун штаб башчысы болгон. Кулов менен Бакиев тил табышып, тандем болгондон кийин штаб жабылып, баарыбыз тарап кеткенбиз", - деп жооп берген Жапаров.