Трамп чуулуу окуяга карабай өз командасына ишенет

АКШнын президенти Дональд Трамп Йемендеги хуситтерге каршы жасалчу соккуларды талкуулаган жогорку даражалуу аткаминерлердин жабык сүйлөшүүсүнө журналисттин кошулуп калганы боюнча жаңжалга карабай өзүнүн улуттук коопсуздук командасына толук ишенет. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Fox News телеканалына билдирди.

"Президент Трамп өзүнүн улуттук коопсуздук командасына, анын ичинде улуттук коопсуздук боюнча улуу кеңешчибиз Майк Уолтц толук ишенет", - деген ал.

Левитт учурда журналисттин кантип кошулуп калганы боюнча иликтөө жүрүп жатканын кошумчалаган.

Буга чейин The Atlantic басылмасынын башкы редактору Жеффри Голдберг кокустан Трамптын администрациясынын Йемендик хуситтерге каршы боло турган соккулар талкууланган жабык сүйлөшүүсүнө кошулуп калганын билдирген.

Ал 11-мартта АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтцтон "Signal" чатына чакыруу алганын, эки күндөн кийин ал аталган баракчадагы жабык топко кошулганын айтып, анда хуситтерге каршы сокку урууга байланышкан маселелер талкуулагандыгын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан