Сокулук районунда блогерди ур-токмокко алууга шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 26-мартта шектүү делген 24 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, кечээ блогерге байланшыкан иш боюнча 24 жаштагы жаран кармалган болчу. Окуя 24-мартта Сокулук айылындагы Жеңиш сейил багынынын жанында болгон. Анда 48 жаштагы блогер коомдук транспорт тууралуу видео тартып жатып, ошол учурда таксиде отурган адам менен чырдаша кеткен. Натыйжада ал ур-токмокко алганы белгилүү болгон. Милиция факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун белгилеген.