Сокулук районунда блогерди ур-токмокко алган деген шек менен 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-мартта милицияга 48 жаштагы жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 07:30 чамасында белгисиз адам Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Жеңиш сейил багына жакын жерде денесине залал келтиргенин айткан. Жабырлануучу денесинен алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жаткырылган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү делген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө блогер ал күнү коомдук транспорт тууралуу видео тартканы, ошол учурда аны менен таксиде отурган шектүүнүн ортосунда чыр чыкканы, натыйжада 24 жаштагы жаран 48 жаштагы жаранды ур-токмокко алганы белгилүү болгон. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.