Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Ырыскелди Максатбек уулу коло байге жеңди.
Ал турнирге 77 килограммга чейинки салмак ченинде грек-рим күрөшүнөн катышты. Спортчу алгачкы тажикстандык атаандашын 8:0 эсебинде, кийинки баскычта түркмөнстандык каршылашын 10:2 эсебинде уткан. Бирок жарым финалда ирандык балбанга 4:3 эсебинде жеңилип калган.
Бирок коло үчүн болгон беттеште ал Тайбэйден келген балбанды жеңди.