Израилдин кайра баштаган соккусунан Газада курмандыктардын саны өсүүдө

Израил Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын кайра баштагандан бери 180ден ашуун палестиналык бала набыт болду. Бул тууралуу ТААС Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү боюнча агенттигинин билдирүүсүнө таянып жазды.

"Израил күчтөрү Газа тилкесин бомбалоону кайра баштагандан кийин жүздөгөн адамдар, анын ичинде 180ден ашуун бала набыт болду. Көптөгөн адамдардын сөөгү имарат урандыларынын астында калууда. Дарыгерлер жарадар болгондор көз алдында өлүп жатышканын айтышууда. Анткени аларды дарылоого каражат жок", - деп айтылат анда.

Ал эми Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-марттан бери анклавда кеминде 830 адам набыт болгонун, анын ичинде 322си балдар, 174ү аялдар жана 58и улгайгандар экенин билдирди. Ошондой эле министрлик 1787 палестиналык жараат алганын, алардын 609у балдар жана 386сы аялдар экенин кошумчалады.

Израил ок атышпоо келишими аяктагандан кийин көп өтпөй Газага кайрадан сокку ура баштаган. Буга ХАМАС кыймылы келишимди узартуудан баш тартканы себеп болгону айтылган. Анда анклавда алгачкы күнү эле 200дөн ашык адам каза болгону кабарланган болчу.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын куралдуу жактоочулары Израилдин аймагына кирип, чек арадагы конуштардын тургундарын өлтүрүп, барымтага алгандан кийин кырдаал кескин начарлап кеткен. Буга жооп иретинде Израил анклавда аскердик операция баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан