Даниянын коргоо министри Троэлс Лунд Поулсен АКШнын президенти Дональд Трампты Гренландия боюнча айткан сөздөрү үчүн катуу сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Менин оюмча, бул Гренландиянын ички иштерине кийлигишүү жагынан да, Гренландиянын келечегин анын эли аныктай тургандыгын урматтабоо жагынан да чектен чыгып кетти", - деген ал.
Министр Трампты Гренландия маселесине байланыштуу риторикасын катуулатып, жаңжалды өзү күчөтүп жатат деп айыптаган. Ал америкалык лидердин акыркы билдирүүсү абдан катаал жана орунсуз болгонун белгилеген.
"Азыр биз америкалыктарга падышалык тууралуу чечимдери чечүүсүнө жол бербей турганыбызды дагы бир жолу ачык айтууга убакыт келди. Чечимди Гренландия бир бөлүгү болгон падышалык кабыл алат", - деген министр.
Буга чейин Трамп Ак үйдө журналисттерге Гренландия Вашингтонго коопсуздук үчүн керек экенин, Дания да муну каалай турганын айткан.
Трамп Даниянын курамындагы аралды Кошмо Штаттарга кошуу керек деген пикирин кайталап келет. Өз кезегинде буга Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде да жооп кайтарган.