АКШнын президентти Дональд Трамп Вашингтон Гренландияга ээлик кылышы керектигин кайталады.
"Бизге Гренландия керек. Дүйнө, анын ичинде Дания да Гренландия бизде болуу муктаждыгын түшүнөт. Дания биздин Гренландияга ээ болушубузду каалайт. Эмне болорун көрөбүз", - деген ал Ак үйдө журналисттерге.
Трамп аталган аралга жакын жерде орусиялык жана кытайлык кемелер сүзүп жүргөнүн, ошондуктан АКШ эл аралык коопсуздукту коргошу керектигин белгилеген.
Белгилей кетсек, Трамп өткөн жылдын декабрь айында Даниянын курамындагы арал Кошмо Штаттардын менчигине өтүшү керек деген пикирин билдирген. Көп өтпөй Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде жооп кылып, арал эч качан сатылбастыгын айткан. Трамп жыл башында Флоридадагы маалымат жыйынында кайрадан Гренландия тууралуу сөз кылып, аралды көзөмөлгө алуу үчүн экономикалык же аскердик күч колдонуу мүмкүндүгүн кыйыткан. Эгеде буга да жооп кылып, арал эли эч качан америкалык болгулары келбестигин айткан.