Талас облусунда жер титирөөдөн 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Көпүрө-Базар айылындагы жабыркаган үйлөрдүн 11и камсыздандырылган, ал эми алтоо камсыздоодон өткөн эмес. Алдын ала маалымат боюнча, авариялык абалга кептелген турак жайлар жок.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында жер титирөө катталып, ал Кыргызстандын аймагында да
сезилген.
Ал эми саат 07:17де Жалал-Абад облусунда да жер
силкинди.