Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов кызматынан бошотулду. Бул жөнүндө бүгүн, 28-мартта президенттин маалымат кызматы билдирүү таратты.
Ага ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Президент кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп Тимур Малбашев дайындалды.