Бангкокто жер титирөөдөн кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бангкокто жер титирөөдөн кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул чечимди Таиланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават кабыл алгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

"Чинават шашылыш билдирүү жасап, коомчулукка бүгүнкү жер титирөөдөн кийин 24 сааттын ичинде кайра кайталанышы мүмкүн болгон жер титирөөлөрдөн сак болууну эскертти", - деп айтылган маалыматта.

Жер титирөөнүн кесепетинен шаарда курулуп жаткан көп кабаттуу үй кулап түшкөн. Акыркы маалыматтарга караганда, 43 курулушчу урандылардын астында калган, аларды издөө иштери жүрүүдө. Ал эми жети жумушчу жаракат алган.

Белгилей кетсек, буга чейин Мьянма жана Таиландда катуу жер титирөө катталып, кыйроолор бар экендиги айтылган.

Бангкоктогу жер титирөө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан