"Кыйроолор бар..." Мьянма жана Таиландда катуу жер титирөө катталды

Мьянмада эки жолу катуу жер титирөө катталды. Бул туурасында Mash Телеграм каналы билдирди.

Маалымдалгандай, жер титирөөнүн күчү эпицентринде биринчисинде 7,7, ал эми экинчи ирет 6,4 баллга жеткен.

"Мьянмадагы жер титирөөдөн кийин куткаруучулар урандылардын астынан адамдарды чыгара башташты. Алар дайынсыз жоголгондорду издеп жатышат, жүздөгөн үйлөр талкаланган. Табигый кырсык бүткүл Мьянманы жана коңшу Таиландды титиреткен. Ири масштабдагы кыйроолор Мандалай жана Пегу шаарларында катталган", - деп айтылат маалыматта.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жер титирөө Сагаинг шаарынан 12 чакырым алыстыкта ​​болгон. Ал коңшу өлкөлөр Бангладеш, Индия, Таиланд, Лаос жана Кытайда да сезилген.

Ал эми Таиланддын борбору Бангкок шаарында да күчү Рихтер шкаласы боюнча 5-7,7 баллга жеткен жер силкинүү болгон.

"Көп кабаттуу үйлөрдүн үстүндөгү бассейиндер чайпала төгүлүп, жаңы курулуштар урап түштү. Метро, коомдук транспорттор токтоду. Учактар артка кайтарылууда. Жарандар коопсуз жайларга чыгарылууда. Кыйроолор көп", - деп айтылат маалыматта.

Бангкоктогу жер титирөө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан