Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдиргенин орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, анда эки өлкөнүн ортосундагы ар кандай деңгээлдеги байланыштарды улантуу боюнча сүйлөшүү жүргөн.

Мындан тышкары Путин Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү жана АКШ менен болгон диалогдун жүрүшүнө токтолгон.

Ал эми Режеп Тайып Эрдоган орус-америкалык диалогду колдоорун жана түрк тараптын Кара деңиз келишимин илгерилетүүгө даярдыгын билдирген.

Сүйлөшүүнүн соңунда Путин Эрдоганды, бүткүл түрк элин мусулмандардын ыйык Рамазан айы жана келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап кеткен.

Белгилей кетсек, 24-мартта Эр-Рияддагы орусиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүлөрү болуп, ал 12 саатка созулган. Анда АКШ менен Орусия коопсуз навигацияны камсыз кылуу, күч колдонууну жоюу жана Кара деңизде коммерциялык кемелерди аскердик максатта колдонууга жол бербөө сыяктуу бир топ маселелер каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан