Орусия менен АКШнын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрү 12 саатка созулду

Эр-Рияддагы орусиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүлөрү 12 сааттан кийин аяктады. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.

Басылмалардын маектештери билдиргендей, 25-мартта сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча расмий билдирүү жарыяланат. Сүйлөшүүлөрдө Кара деңизде кеме жүрүү коопсуздугу жана энергетикалык объектилерде убактылуу ок атышууну токтотуу талкууланган.

Орусиянын делегациясына Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Григорий Карасин жана ФСБнын директорунун кеңешчиси Сергей Беседа катышкан. Ал эми АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Европа жана Орусия иштери боюнча мурдагы улук директору Эндрю Пик жана Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу кызматкери Майкл Антон америкалыктардын тобун башкарган.

Кремль сүйлөшүүлөрдө эч кандай кол коюулар болбой тургандыгын айткан.

Эскерте кетсек, 23-мартта аталган аймакта Киев менен Вашингтондун өкүлдөрү жолугушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан