"Иштебесеңер айткыла!" Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигиндеги кадрдык маселени сынга алды (видео)

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

"Мындай кичине иштебейсиңерби? Алмазбек Сокеевди (ред.: айыл чарба министринин мурдагы орун басары жана министрликке караштуу Суу чарба кызматынын мурдагы директору) кетирип ийип, бүгүн болсо аны "дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүз" деп жатасыңар. Эмнесин түшүндүрөт кеткен киши? Иштей албасаңар анда айтпайсыңарбы! Сокеевди ордуна коюп иштеткиле.

Анын түшүндүргөнү мыйзамсыз. Ал кайсы негизде, кайсы даражада, макамда түшүндүрөт? Демек, "кадровый голод". Эгер кадрыңар жок болсо, Сокеевди кызматтан алып эмне кыласыңар? Айыл чарба министрлигинде "кадровый голод, хаос". Мына, жазгы талаа жумуштарына сууларды бере албай жатасыңар, Иштебесеңер айткыла да! Биз иштей тургандарды "могу жерге бул иштеп берет" деп сунуштайлы", - деди ал.

Буга чейин да Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында өкмөттөн Алмазбек Сокеевдин кызматтан алынышын кайра карап чыгууну өтүнгөн.

Эске салсак, Сокеев 21-февралдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда "Ынтымак ордодо" өткөн президенттик аппараттын коллегиясында кызматынан кол жууганы маалым болгон. Ал жыйында өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн 20га жакын аткаминер кызматтарынан алынган.

Март айынын башында өкмөт башчы аны кызматтан бошотуу боюнча тиешелүү тескемеге кол койгон.

Балбак Түлөбаев 31.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан