Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өкмөттөн айыл чарба министринин орун басары жана министрликке караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеевдин кызматтан алынышын кайра карап чыгууну өтүндү.
"Сокеев жакшы иштеп жаткан, эмне себептен кызматтан алынды, билбейм. Алмаз келгени суу чарба жагында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатты эле. Эми, албетте, мен өкмөттүн ишине кийлигише албайм. Кээде таң калам, кызматтан албай турган кишилерди аласыңар да, алгыла деген кишини албайсыңар. Министрлер кабинетинин төрагасы Сокеев боюнча позициясын бир карап койсо болот эле", - деди ал.
Түлөбаевдин сөзүн парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да колдоого алып, өкмөт кызматкердин кызмат орду каралып жатканда терең анализ кылышы керектигин айтты.
"Андан өткөн өлкөдө суу ресуртарды, каналдарды мыкты билген жетекчи жокко эссе болчу. Мындай адистерден да анча-мынча иш үстүндө кемчиликтер кетпей койбойт. Ушундай чечим кабыл алып жатканда өкмөт терең анализ кылсаңар", - деди Тургунбек уулу.
Эске салсак, 21-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда "Ынтымак ордодо" президенттик аппараттын коллегиясы өткөн. Жыйында өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн 20га жакын аткаминер кызматтарынан кол жууганы маалым болгон. Алардын арасында Алмаз Сокеев дагы бар болчу.