Камчыбек Ташиев балдарына айтып келген керээзин ачыктады (видео)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев балдарына көзү өткөндө кичи мекени Барпы айылында жерге беришин керээз кылып айтып жүгөнүн билдирди.

"Бул жерде атам, апам, агаларым жатат. Ушул жерди жердеп калабыз. Бишкекте сүйлөшүп калганда "мен дүйнөдөн өткөндө айылга алып барып, айылдагы мүрзөгө койгула, ата-энемдин жанына койгула" деп балдарымдан суранам. Алар "сиз эми мамлекетке чоң кызмат кылгандан кийин ушул жакка калтырса керек" дешет. Адам өлгөндөн кийин сүйлөй албайт, керээз болуп калсын дейм. Атам менен апамдын жанында өзүм алып койгон жер да бар. Мен молдокеге ошол жерди эч кимге бербе деп айтып келем", - деди ал.

Айта кетсек, кечээ, 31-мартта Ташиевдин демилгеси менен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө 100 гектар жерге көчөт отургузулду. Ага УКМК жетекчиси өзү да катышкан.

01.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан