Кечээ, 31-мартта Тажикстандын Худжанд шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жолугушуу өткөрүштү.
Расмий жолугушуудан соң калаанын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Концерттин алкагында дрон-шоу көрсөтүлүп, анда Кыргызстандын картасы, Жапаровдун портрети асманда чагылдырылды.
Айта кетсек, сүйлөшүүлөрдүн алкагында өлкө лидерлери Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимине жана Худжанд декларациясына кол коюлду. Ошондой эле Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификацияланды.