УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 100 гектар жерге көчөт отургузуу ишинде Садыр Жапаровдун ата-бабалары Жалал-Абадда жерге берилгенин айтты.
"Мага Садыр Нуркожоевич канча бир ата-бабасы Арстанбабга коюлганын жеке өзү айтып берген. Анан жетинчи атасы курортко коюлган экен. Мына, Ысык-Көлдөн көзү өткөн кадыр-барктуу кишилерди ушу Арстанбабга алып келип коюшчу экен. Ошондуктан биз дагы көлдүкпүз", - деди ал.
Айта кетсек, кечээ, 31-мартта Ташиевдин демилгеси менен Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 100 гектар жерге көчөт отургузулду.