Бишкектин Новопавловка айылында үч жигит кафелердин биринде бир жаранды сабап, бычактап кетишти. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, окуя 31-март күнү саат 20:00 чамасында "Халва" кафесинде болгон. Видеодо үч жигит бирөөнү сабап, бир нече жолу бычак сайып, качып кеткенин байкоого болот. Алар арачалаган адамдарга да баш берген эмес. Ал эми сабалган жигит Сокулук ооруканасына жеткирилгендиги кошумчаланды.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымат такталып жаткандыгын билдирди.