Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев качкын президент Курманбек Бакиевдин Жалал-Абад шаарында өткөргөн ооз ачары тууралуу маселе көтөрдү.
"Акчаны которууга ким шарт түзүп берди? Бул жерде ооз ачууну кайсы акчага уюштурду? Ал боюнча соттун чечими бар, анын негизинде бул акчанын баары мамлекеттин пайдасына алынышы керек болчу. Эгерде соттун чечими жокко чыгып кетпесе эле", - деди ал.
Эске салсак, Бакиев март айынын аягында ооз ачар уюштурганы белгилүү болгон.
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агеттигине курган маегинде бозгундагы президент Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, Беларус мамлекети аны "камабасаңар өткөрүп берели" деген талап койгонун билдирген. Президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына ал кайтарылса бир топ иштин бети ачыларын жазган.