Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду аты өзгөртүлгөн министрликтин башчылыгына жактырды

Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Санариптик өнүктүрүү министрилигинин аты өзгөртүлгөнүн белгилеп, ага байланыштуу министр Жамангуловдун талапкерлиги аталышы жаңыртылган министрликтин жетекчисине сунушталып жатканын билдирди.

Жыйынтыгында каттоодон өткөн 79 депутаттын 71и макул болсо, каршы добуш бергендер болгон жок.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 30-январдагы жыйынында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин карап, колдогон болчу. Муну кечээ, 1-апрелде Жамангуловдун талапкерлигин кароо боюнча парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине киргизилгенде депутат Исхак Масалиев эске салып, анын көп убакыт өтпөй эле кайрадан министр кызматына сунушталганын талапкердин бактылуулугу менен байланыштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан