УКМК Новопавловкада жигитти бычактагандар тууралуу маалымат таратты (видео)

Бишкектин Новопавловка айылындагы кафелердин биринде адам өлтүрүүгө аракет кылышкан делип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат алар мурда бир нече жолу соттолушканы жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо болушканы тастыкталганын белгилеп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкенин маалымдады.

Эске салсак, 31-мартта Бишкектин Новопавловка айылындагы кафелердин биринде бир жаран бычакталганы белгилүү болгон. Ал ооруканага оор абалда жеткирилген.

02-04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан