3-апрель – алгачкы жолу уюлдук телефон аркылуу байланышкан күн. Тарых-таржымалы

Бүгүн, 3-апрель, дүйнөдөгү биринчи уюлдук телефон чалуусу жасалган тарыхый күн! Окуя 1973-жылы дал ушул күнү Motorola компаниясынын инженери жана изилдөөчүсү Мартин Купердин жетекчилиги астында болгон.

Бул күн уюлдук байланыш тарыхындагы маанилүү учур болуп эсептелет. Анткени ал биздин бүгүнкү смартфондорго алып келген технологиялык өнүгүүлөрдүн башталышы болгон.

Биринчи телефон чалуусу кандай болгон?

Мартин Купер Нью-Йорктун көчөлөрүнүн биринде Motorola компаниясы жаңы иштеп чыккан DynaTAC 8000Х моделиндеги мобилдик телефонун колдонуп, өзүнүн башкы атаандашы болгон Bell Labs компаниясынын изилдөөчүсү Жоэл Энгелге чалган. Чалуусунда Купер ага түзмө-түз мындай деп айткан:

"Жоэл, мен сага чалып жатам... бирок чалуум стационардык телефондон эмес, чыныгы уюлдук телефондон!" - деп белгилеген Купер.

Бул окуя телекоммуникация тармагында революция жасап, мобилдик байланыштын өнүгүүсүнө жол ачкан.

Биринчи телефон кандай болгон?

  • Модели: Motorola DynaTAC 8000Х.
  • Салмагы: 1.1 килограмм (азыркы смартфондордон 5-10 эсе оор!).
  • Өлчөмү: 25 сантиметр узундукта (антенасын кошкондо дагы 15 сантиметрге узун).
  • Батареясы: 30 мүнөт сүйлөшүүгө жетчү. Бирок кубаттоо үчүн 10 саат талап кылынган.
  • Экраны: Жөнөкөй LED дисплей.

DynaTAC 8000Х модели коммерциялык рынокко 1983-жылы чыккан.

Бул окуя эмне үчүн маанилүү?

  • Мобилдик байланыштын доорун баштаган.
  • Технологиялык атаандаштыкты күчөткөн.
  • Уюлдук телефондордун акырындык менен кичирейип, ыңгайлуу болуп өнүгүүсүнө түрткү болгон.
  • Бүгүнкү смартфондорго жол ачкан.

Motorola компаниясы алгач уюлдук байланыш тармагында лидерлик кылган. Бирок кийинчерээк атаандаштарынын өсүшү жана технологиялык өзгөрүүлөр анын рыноктогу ордун алсыраткан.

Motorola компаниясынын андан ары өнүүгүүсү:

1. 1980-1990-жылдары уюлдук байланышта лидерлик кылган.

  • 1983-жылы DynaTAC 8000Х модели коммерциялык рынокко чыгарылды. Бул дүйнөдөгү эң биринчи сатылган телефон болуп калды.
  • 1990-жылдары компания MicroTAC жана StarTAC моделдерин чыгарды.
  • StarTAC (1996) – бүктөлүүчү (flip phone) дизайны менен тарыхтагы эң популярдуу телефондордун бири болду.
  • MicroTAC (1989) – мурунку чоң телефондорго караганда бир топ жеңил жана кичинекей модел болгон.

2. 2000-жылдары RAZR телефону менен чоң ийгиликке жетишти.

  • 2004-жылы чыккан Motorola RAZR V3 бүктөлүүчү телефон рынокто чоң хит болду. Бул телефон өзүнүн ичке дизайны жана стилдүү көрүнүшү менен популярдуулукка жеткен.
  • 130 миллиондон ашык сатылган RAZR модели Motorola үчүн эң ийгиликтүү болуп калды.

3. Смартфондордун доору жана Motorolaнын кризиси (2010-жылдар)

  • 2007-жылы iPhone чыкканда жана Android системасы өнүгө баштаганда Motorola смартфондор рыногунда артта кала баштады.
  • 2009-жылы Motorola DROID смартфонун чыгарып, Android системасына кошулду. Бул модель жакшы сатылганы менен, компаниянын финансылык көйгөйлөрүн чече алган жок.
  • 2011-жылы Motorola экиге бөлүндү:
  1. Motorola Mobility (мобилдик телефон жана керектөөчү элетроника бөлүмү)
  2. Motorola Solutions (байланыш жабдыктарын чыгарган бөлүм)

4. Google жана Lenovo доору (2012-жылдан азыркы күнгө чейин)

  • 2012-жылы Google Motorola Mobility`ни анын патенттерин колдонуу максатында 12.5 миллиард долларга сатып алды.
  • 2014-жылы Google Motorola`ны Lenovo компаниясына сатты. Анткени Google Motorola смартфондорунун сатылышын көтөрө алган жок.
  • Lenovo Motorola`ны "Moto" бренди менен өнүктүрө баштады. Ошол жылдары Moto G, Moto Х сыяктуу ийгиликтүү смартфондорду чыгарды.

Бүгүнкү күндө Motorolaнын орду кандай?

  • Motorola азыр орто класстагы жана бюджеттик смартфондорду чыгарат.
  • Moto G, Moto Edge жана RAZR (кайра бүктөлүүчү версиясы) линиялары менен иштейт.
  • Lenovo`га тиешелүү болгондуктан, ал мурдагыдай күчтүү смартфон бренди эмес. Бирок өзүнүн туруктуу колдонуучулары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан