Депутаттар ала турган унаалар канча турат? Карап көрдүк

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кызматтык унааны пайдалануу тууралуу жобону жабык эшик артында карашты.

Айрым жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып эл өкүлдөрү аларга мамлекет тарабынан кызматтык унаа берүүнү жактырышканын жана депутаттар үчүн LiXiang L7 жана L9 люкс кроссоверлерин сатып алуу пландалып жатканын жазышты. Аталган унаалар бир жарым айдын ичинде Бишкекке келип, 90 эл өкүлүнө бөлүштүрүлүп берилмекчи.

Андыктан SUPER.KG порталы Кытайдан чыгарылган унаалардын базар баасын карап көрдүк. LiXiang L7 үлгүсүндөгү кроссовер болжолдуу 42 миң доллар турса, экинчиси 54 миң доллардын тегерегинде.

Белгилей кетсек, парламенттин 6-чакырылышы 2015-жылдын 25-ноябрындагы жыйынында кызматтык унаадан баш тартуу чечимин кабыл алган. Кызматтык унаалар айым депутаттарга гана берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан