Депутаттар 10 жылдан соң кызматтык унааларын кайтарып алышабы? Маселе парламентте жабык каралды

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кызматтык унааны пайдалануу тууралуу жобону жабык эшик артында кароого өткөн.

Жыйында парламент төрагасынын орун басары Жамилия Исаева аталган жобо менен тааныштыра баштаганда депутат Нурбек Сыдыгалиев маселени жабык кароо керектигин белгилеген болчу.

"Азаттык" жобо колдоо тапканын бир нече эл өкүлдөрү жана парламенттеги булактары ырастагынан жазды. Алар маселе жабык каралганы үчүн унаалардын үлгүсү жана баасы тууралуу айтуудан карманышкан.

Белгилей кетсек, парламенттин 6-чакырылышы 2015-жылдын 25-ноябрындагы жыйынында кызматтык унаадан баш тартуу чечимин кабыл алган. Кызматтык унаалар айым депутаттарга гана берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан