Нарын облусунун Ат-Башы–Кында–Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди. Мындай билдирүүнү Транспорт жана коммуникациялар министрлиги таратты.
Учурда №20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 33-100-чакырым аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал үчүн жеринде 1 даана жүктөгүч жана 1 даана бульдозер иштеп жатат.
Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Кында ашуусу жыл сайын ноябрь айынан апрелге дейре
жабык болот.