
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы–Кында–Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымындагы Кында ашуусу жабылды.
ӨКМ билдиргендей, ашуу 6-ноябрда жабылган. Ал 2025-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот. Мындай чечимди Ат-Башы районунун акими кабыл алган.
"Чечим өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.