Кыргызстандагы аттракциондорду текшерүүгө мораторий киргизилгендиктен көзөмөлдөө мүмкүн болгон жок. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 4-апрелде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Өнөр жай коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Дөөлөтбек Мундузбаев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылдан бери республикада мораторий жарыяланып, аттракциондордун жана башка чарбалык субъекттердин ишин текшерүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ага карабастан тийиштүү кызматкерлер оюн-зоок аянттарына барып, коопсуздук чараларын жана эрежелерди сактоо боюнча инструкцияда түздөн-түз жазылган эскертүүлөрдү берип келишкенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 31-мартта Панфилов паркындагы аттракциондо кыз кулап түшүп, ооруканага оор абалда жеткирилген. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыш иши козголуп, 19 жаштагы жигит шектүү катары кармалган.