Бүгүн, 4-апрелде "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу болуп жатат.
Анда юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзамда гендерлик квота боюнча катачылыктар бар экенин белгилеп, министрликтин атынан сунуштарды берди.
"Юстиция министрлиги "ар бир үчүнчү шайланган аял болсун жана ал кеткенде ордуна кайра аял келсин" деген талап талаш-тартыш жаратышы мүмкүн деген негизде норманы жеткире иштеп чыгууну сунуштап жатат. Анткени талапкерлердин ичинде аял калбай калган болсо, аныкталбаган жагдайды жаратышы мүмкүн. Ошондой эле талапкер өлкөдө туруктуу 5 жыл жашаганын эске алган талапта, эгер ал чет өлкөдө кызматтык, илимий изилдөө жана башка жагдайда жүрсө уруксат дегени талаш жаратышы мүмкүн. "Жана башка" деген коррупциялык элементтерге жол бериши мүмкүн.
Мына категориялар так көрсөтүлүшү керек. Андан сырткары 30 аймакка бөлүүнү да даана жазуу керек. Жыныстардын тең укуктуулугу болушу үчүн 30 аял дебей эле, ушу бир жыныстын өкүлдөрү 30 пайыздан кем болбосун деп жалпылаштырып жазууну сунуштайбыз. Анткени бир окуругдан жалаң аялдар тапшырып утуп калышы мүмкүн, кээ бир жерлерде такыр аял талапкер катышпай калышы мүмкүн", - деди ал.
Белгилей кетсек, шайлоо жөнүндө сунушталып жаткан мыйзамда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эледокументте аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.
Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Ал эми учурда өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.