Бүгүн, 4-апрелде "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу парламенттик угуу болуп жатат.
Анда депутат Дастан Бекешев мыйзамдагы кээ бир нормаларды сынга алды.
"Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге 100 миң сом күрөөнү 300 миң сомго көтөрүү сунушталууда. Демек, кимге 300 миң сом көп акча эмес болсо, ошол шайлоого катыша алат. Жөнөкөй мугалим, өрт өчүрүүчү, дарыгер шайлоого катыша албайт. Кедей болсоң шайлоого катыша албайсың деген сөз. Бул байлардын гана шайлоосу болот. Мен күрөөнү 100 миң боюнча калтырууну сунуштайм", - деди ал.
Ошондой эле ал чет жердеги мекендештер шарт түзүп жаткан электрондук добуш берүүгө ишенбестигин билдирди. Ал мында өлкөдөгү каттоосу башка аймакта болсо да башка округдагы шайлоолорго катталып, добуш берип калышы мүмкүн экенин жана башка манипуляциялык жолдорго мүмкүндүк жараларын белгиледи.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңештин 20-марттагы жыйынында жактырылган. Анда да талкуу учурунда бир топ сындар айтылган.
Мыйзамда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле документте аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.
Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.