Мальтаныны жарандары Ысык-Көлдөгү канаттуулардын бир нече түрүн атып салгандыгы айтылууда. Бул туурасында видео социалдык баракчаларда тараган.
Анда Ысык-Көлдө өлтүрүлгөн канаттуулардын аткандарды бажычылар кармагандыгы айтылат. 8 түрлүү канаттуунун өлүгү Жаратылыш ресурстар министрлигине өткөрүлүп берилгени да кошумчаланган.
Бирок азырынча тийиштүү кызматтардын бири да бул маалыматты ачыктай элек.