Бүгүн, 7-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилегичилердин бири, депутат Марлен Маматалиев мыйзам менен тааныштырып жатып, анда Жогорку Кеңештин акыйкатчынын кызмат ордун караштыруу укугу алынганын, бирок кайра аталган норманын өзү алынып жатканын белгиледи. Ал башында аталган норма институтту толук көз карандысыз кылуу максатында киргизилгенин билдирди.
Талкуу учурунда депутат Надира Нарматова акыйкатчыны дайындоо жана кызматтан бошотуунун тартиби парламентте калышы керектигин айтты.
"Бул боюнча да "унутуп калдык, кийин оңдоп келебиз" деген жооп эмес. Эми жеке кызыкчылыктардан улам кимдир бирөөнү коргош үчүн ага шарт түзүп мыйзамды тууралай берсек, анда Жогорку Кеңеш өзү эмне кылыш керек? Мен түшүнбөй турам. Анан ыңгайлуу болгон адамдар менен эле ушинтип парламенттин ыйгарым укуктарын талкалай берсек, анда өзүбүз деле депутат болуп келиштин кереги жок калды го деп ойлоп жатам", - деди ал.
Маматалиев Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын алууга эч кандай шарт түзүлбөй турганын, мыйзамдагы катачылыкты коомдук талкууга чыккандан кийин байкаганын айтты.
"Канча жазсаңыз дагы даяр алып келип жатса, ар кандай адам өткөрүп коё берет", - деди Нарматова.
Буга Маматалиев ачууланып жооп берди.
"Сиз мени жакшы билесиз. Мен ар кандай адамдар алып келген мыйзамдарды жазып алып келип жатыпмынбы? Мен ар дайым өзүм анализ кылып, өзүм жазам. Муну башкасы билбесе да сиз жакшы билесиз", - деди эл өкүлү.
Нарматова кесиптешин кайым айтышпоого чакырып, ар бир сөзүн факты менен сүйлөрүн белгиледи.