"Башымдан өтүп жатат". Депутат Абакиров балдак менен жүргөнүн айтты (видео)

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров өлкөдөгү имараттар майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайсыз салынганын билдирди.

Жыйында "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда каралып жаткан.

"Өзүмдүн башыман өтүп жатат. Үч жумадан бери балдак менен жүрөм. Биздин Жогорку Кеңешке балдак менен киргенге ыңгайсыз экенин түшүндүм. Жети, сегиз чогулуштарга чакырышты, мен 2-3-кабатта болсо баш тартып жатам. Анткени балдак менен 2-кабатка чыга албайт экенисиң. 600-700 миңдей майып болсо, өлкөдө алар үчүн толук кандуу жашаганга шарт жок болуп калат экен да. Анткени көп имараттар муну эсепке албастан салыныптыр", - деди ал.

08.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан