Самыйкожо менен кайым айтышкан министрдин орун басары акыркы эскертүү алганы айтылды

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Аширбаев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановго акыркы эскертүү берилгенин билдирди.

"Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Шамыркановду чакырып, атайын түшүндүрүү иштерин жүргүздү жана акыркы жолу эскертүү берилди", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кайым айтыша кетишкен. Самыйкожо парламенттин 2-апрелдеги жыйынында депутат Шамыркановго чара көрүлүшү керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан