"Мурдагы жетекчилердин кулагы чыгат". Оштун мэри Токторбаев каржы булактарын издөөнү тапшырды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калааны оңдоо үчүн кошумча каржы булактарын издөө керектигин айтты. Шаар мэриясы ал мындай тапшырманы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп жатып бергенин билдирди.

"Өзүбүз аракет кылбасак, Ош шаарынын маселесин эч ким чечпейт. "Кантип бюджетти толтурсак болот?" деп акча каражаттарын издеп жатабыз. Мына, президентибизге салыктардын 50 пайызын шаардык бюджетке калтыруу боюнча кат жаздык. Ак-Бууранын кейпин көрдүңөр.

Бай-манап, менмин деген кишилер сатып алып коюптур. Кайсы бир эс алуучу жайга, ишканага барба мурдагы жетекчилердин кулагы чыгат, же губернатор же мэр болуп иштеген. Мэриянын гаражы же техникасы жок. Шаардын ээсибиз, анан шаарда үйүбүз жок", - деди ал.

Ошондой эле Токторбаев аталган кеңешмеде шаарга кирген унаалардан акы алууну сунуштады.

09.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан