Кыргызстандын ар бир аймагынын өзгөчө маданияты жана каада-салты бар, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү да кенен. Аймактардын дараметин толук колдонуу үчүн жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү талдоо менен инновациялык ыкмаларды жигердүү ишке ашыруу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү зарыл. Мына ушундай күчтүү инструменттердин бири – 2025-2027-жылдарга чейинки мезгилди камтыган Райондордун социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП).
СЭӨП өзүнүн алгачкы жемишин бере баштады: айыл чарбасын өнүктүрүү, ишкерликти колдоо, инфраструктураны жана жашоонун сапатын жакшыртуу иштери жүрүп жатат.
ӨСИнин эксперт-консультанты Айнура Балакунованын айтымында, аймактардагы калктын жашоо сапатын жогорулатуу – СЭӨПнын негизги максаты болуп эсептелет.
“Райондук деңгээлде СЭӨПнын негизги милдеттери – экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, жашоо шарттарынын деңгээлин жогорулатуу жана экологиялык туруктуулукту камсыздоо болуп саналат. Айыл чарбасын колдоо, мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү жакшыртуу, ишкердикти өнүктүрүү үчүн чакан жана орто бизнести колдоо, өнөр жай тармактарын жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү – негизги багыттардын катарына кирет.
Дагы бир маанилүү маселе бул – аялдардын ишкердигин өнүктүрүү. Базар-Коргон, Ат-Башы, Ноокат, Кемин, Айтматов, Жети-Өгүз жана Кадамжай райондорунда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер колго алынды. Мисалы: тажрыйба алмашуу иш-чаралары, каржылык сабаттулукту жогорулатуу сабактары, кол өнөрчүлөрдүн өндүргөн продукциясын реализациялоого аянтчаларды түзүү, ишкердикти жүргүзүү боюнча окутуу иштери уюштурулуп жатат.
Ошондой эле аялдардын экономикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу; аялдардын ишкердигинин негизги тармагы болгон айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жолго коюу; жаңы жумуш орундарын түзүү; жергиликтүү продукцияны рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү багыттары боюнча пландуу иш-аракеттер аткарылууда.
Ошондуктан бул программа райондук деңгээлде абдан маанилүү механизм болуп эсептелет. Анткени райондордун өнүгүүсү – мамлекеттин жалпы социалдык-экономикалык саясатынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, – дейт Балакунова.
Программадагы негизги багыттар:
Жашыл технологиялар жана туруктуу айыл чарбасы
СЭӨПнын алкагында аймактарда айыл чарбасын башкаруунун жаңы ыкмалары активдүү киргизилүүдө. Бул экологиялык жактан таза өндүрүш ыкмалары гана эмес, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу дегенди билдирет. Мисалы: Кадамжай районунда айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кыла ала турган жасалма мөңгүлөрдү түзүү боюнча долбоорлор иштелип чыгууда, анткени бул – климаттын өзгөрүшүнүн шартында жергиликтүү дыйкандар үчүн өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары кээ бир райондордо тамчылатып сугаруу системалары киргизилүүдө; бул – айыл чарбасы үчүн баалуу ресурс болгон сууну кыйла үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү
СЭӨПнын дагы бир маанилүү компоненти – кызматтарды санариптештирүү болуп саналат. Программа арыздарды берүү, маалымат алуу жана административдик маселелерди чечүү үчүн онлайн-платформаларды түзүүнү камтыйт. Бул жергиликтүү тургундардын жана ишканалардын жашоосун бир топ жеңилдетип, алардын убактысын жана ресурстарын үнөмдөйт; процессти тездетип, бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн айкындуулугун жогорулатат.
Аялдардын ишкердигин колдоо
Программада аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалган. Айрыкча элет жергесиндеги аялдарга көпчүлүк каржылык ресурстар жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жеткиликсиз. СЭӨПда бул маселелерди чечүү боюнча конкреттүү кадамдар белгиленген: аялдардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу жана алардын ишкердик жөндөмүн өнүктүрүү үчүн ар кайсы райондордо тренингдер, семинарлар жана билим берүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Алсак, Айтматов районунда 2025-жылдын февралында айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча маалымат семинары өтүп, ага жергиликтүү ишкер аялдар активдүү катышкан.
Бул иш-чаралар аялдардын бизнес горизонтторун кеңейтүүгө жардам берип, аларга айыл чарба тармагында ийгиликке жеткирүүчү маалыматтар берилет.
Уникалдуу бренддер жана туризмди өнүктүрүү
Программанын маанилүү элементи – уникалдуу бренддерди түзүү. Базар-Коргон районунда жергиликтүү өндүрүш жана продукцияны бренд кылуу демилгеси буга жакшы мисал боло алат. Бул – аймакты таанытууга, туристтерди жана инвесторлорду тартууга жардам берип, жергиликтүү ишкердикти жана айыл чарбаны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Туризм – дагы бир маанилүү сектор. СЭӨПнын алкагында бул тармакты жакынкы жылдары эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүү күтүлүүдө. Жакында Ат-Башы районунда кышкы фестиваль өтүп, анын максаты – кышкы туризмди жайылтуу жана облуска туристтерди тартуу болду. Фестиваль жергиликтүү бизнес үчүн пайдасы зор болуп, анын натыйжасында мейманкана жана ресторан индустриясы, жергиликтүү кол өнөрчүлөр жана сүрөтчүлөр үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Андан сырткары СЭӨП жаңы туристтик маршруттарды жана дестинацияларды түзүү боюнча жигердүү иштеп жатат; бул – аймактын экономикалык жагымдуулугун жогорулатууга жардам берет.
Айнура Балакунова, ӨСИнин СЭӨП боюнча эксперт-консультанты:
“КР Экономика жана коммерция министрлигинин токтому менен бекитилген жаңы методология боюнча иштелип чыккан бул жолку СЭӨП башка программалардан жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандык коомдун активдүү катышуусу менен айырмаланат. Ар бир райондо Координациялык кеңештер түзүлүп, алар аймакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн бизнес, жергиликтүү бийлик жана жарандык коомдун өкүлдөрүн бириктирет. Бул бизге жергиликтүү тургундардын муктаждыктарына чындап жооп берген жана туруктуу өнүгүүгө багытталган программаларды түзүүгө мүмкүндүк берет”.
Мунун баары жергиликтүү бийлик органдарынын, бизнестин жана жарандык коомдун координацияланган ишинин, ошондой эле эл аралык өнөктөш уюмдардынжигердүү катышуусунун аркасында ишке ашып жатат. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программасы өнүгүүгө, жашоо сапатын жакшыртууга жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.