"Мен албайм". Депутат кызматтык унаадан баш тартты (видео)

Депутат Кундузбек Сулайманов кызматтык унаадан баш тартты. Бул тууралуу ал 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мен эки-үч күндөн бери биздин кызматтык унаалар боюнча талкууларды карап отуруп, бүгүн официально айтып коёюн дедим. Мен кызматтык унаа албайм. Менин өзүмдүн округумдагы Шамалды-Сайда мэрде кызматтык унаа жок, айыл өкмөттөрдө кызматтык унаа жок. Ошондуктан азыр улуу трибунадан айтып коёюн, мен кызматтык унаа албайм. Мени популист болуп жатат деп ойлобоңуздар.

Мага деген кызматтык унааны айыл өкмөттөргө, же болбосо социалдык объектилерге берели", - деди Сулайманов.

Ал ошондой эле учурдагы депутаттардын бир жарым жылдык мөөнөтү калганын эскертип, кесиптештерине кызматтык унаадан баш тартууну сунуштады.

"Бир жарым жыл убактыбыз калыптыр, жаманатты болуп ушул кызматтык унааны албай эле коёлучу", - деди ал.

Айта кетсек, парламент бул боюнча маселени 3-апрелдеги жыйынында жабык эшик артында караган эле. Айрым маалымат каражаттары, өз булактарына таянып, эл өкүлдөрү аларга мамлекет тарабынан кызматтык унаа берүүнү жактырышканын жана депутаттар үчүн LiXiang L7 жана L9 люкс кроссоверлерин сатып алуу пландалып жатканын жазышты. Андагы маалыматтарда аталган унаалар бир жарым айдын ичинде Бишкекке келип, 90 эл өкүлүнө бөлүштүрүлүп берилери жана ар бир депутатка бирден айдоочу жалданары айтылган.

Айтылган LiXiang L7 үлгүсүндөгү кроссовер болжолдуу 42 миң доллар турса, экинчиси 54 миң доллардын тегерегинде.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы 2015-жылдын 25-ноябрындагы жыйынында кызматтык унаадан баш тартуу чечимин кабыл алган. Кызматтык унаалар айым депутаттарга гана берилген.

Депутат кызматтык унаадан баш тартты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан