АКШ депортациядан кийин өлкөдөн чыгуудан баш тарткан мигранттарга 998 доллар айып пул салат

Дональд Трамптын администрациясы АКШдан чыгып кетүүгө буйрук бергенине карабай өлкөдө калган чет элдиктерге айып пул салууну пландап жатат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, айып пул суткасына 998 долларды түзөрү күтүлүүдө. Анын үстүнө айыптар ретроспективдүү болот. Алар беш жыл мурун өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук алгандардан да өндүрүлөт. Бул учурда айып 1 миллион долларга чейин бара тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү Дональд Трамптын негизги убадаларынын бири болгон. Ал Ак үйгө кирер замат депортациялоого киришкен. АКШда Кыргызстандын 319 жараны мыйзамсыз жүргөндүгү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан