Маркум Көлбаевдин дагы бир ишенимдүү өкүлү кармалды (видео)

УКМК маркум Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.К.ны кармады.
Мекеменин маалымат борборунун билдирүүсү боюнча, кармалган жаран Көлбаевдин тапшырмасы менен анын ар кандай кылмыштуу көрсөтмөлөрүн, анын ичинде опузалап талап-тоноо жана башка өзгөчө оор кылмыштарды аткарган.
Кошумчалангандай, Т.К. азыркы учурда да ишин улантып, 2025-жылдын январында топтук тинтүүнү уюштуруу менен ишкердин 1 миллион 300 миң сом суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган. Мындан тышкары ага таандык дагы 10 миң доллар жана 60 миң долларлык өндүрүш жабдууларын алган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
УКМК 31-мартта Новопавловка айылындагы “Халва” кафесинде белгисиз жаранга кол салган үч жигит дагы Т.К.нын кылмыштуу чөйрөсүнүн мүчөлөрү болгондугун билдирди.
УКТнын мүчөсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан