Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин башка региондордун унаа айдоочуларына Ош шаарына кирүүдө акы төлөтүү демилгесине карата УКМК билдирүү жасады.
Билдирүүсүндө атайын кызмат бул сунуш кабыл алынбай турганын баса белгиледи.
"УКМК Ош шаарынын мэринин бул демилгесин колдобойт! Ошол эле учурда УКМК жетекчилиги Түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда, бардык чыгымдар карапайым жарандардын моюнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт!
Мындан ары УКМК бардык кызмат адамдарын (мэрлер, акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү жана башка жетекчилер) ушул сыяктуу туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырат. Ошондой эле бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-кампаниялар менен алек болбостон, облустардын жана шаарлардын тургундарынын курч көйгөйлөрүн чечүүгө чакырат", - деп билдиришти УКМКдан.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп жатып калаага кирген унаалардан акы алууну сунуштаган.