Робот ат, тирилген карышкыр... Депутат кесиптештерин дүйнөдөгү кызыктуу жаңылыктар менен тааныштырды (видео)

Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров өлкө илим, технология жаатында артта калып жатканын айтып, андыктан билим берүү тармагына көңүл бурулушу керектигин билдирди.

Ал дүйнөдө илим, технология кандай өнүгүп жатканына токтолуп, кесиптештерин кызыктуу жаңылыктар менен тааныштырды.

"Вена университети дүйнөдө биринчи болуп жасалма интеллектти окууга кабыл алыптыр. Кытайда атомдук технология аркылуу 50 жыл иштегенге жарактуу тыйын менен тең аккумулятор жасашыптыр. Демек, аны телефонго салып коюп, 50 жыл кубаттагычы жок колдоно бересиң. Америкада 10-12 миң жыл мурун өлүп калган карышкырды кайра тирилтиптир.

Сөөктөрүн казып чыгып, гендерин алмаштырып, азыркы карышкырдын генине 91 пайыз өзгөртүү киргизиптир. Kawasaki Heavy Industries робот ат жасаптыр, ал ат миңдеген чакырымды тынбай эле чуркап кете берет экен", - деди Абакиров.

Эл өкүлү окуучуларга жакшы билим берүү керектигин белгилеп, мектептерди заманбап технологиялар менен жабдуу керектигин айтты.

Абакиров мындан тышкары мугалимдер тууралуу да маселе көтөрүп, алардын көп убактысы кагаз иштерине кетип жатканына кейиди. Депутат муну тез арада жоюу керек дейт.

Жогорку Кеңеш 09.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан