"Аларда эмне күнөө?" Марлен Маматалиев унааларды легалдаштыруу боюнча үч сунушун айтты (видео)

Бүгүн, 10-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев армян, абхаз номурлуу унааларды мыйзамдаштырууда үч маселеге көңүл бурууга жана уруксат берүүгө чакырды.

Ал аталган унааларды мыйзамдаштыруунун баасы кымбат экенин айтып, бөлүп төлөө жолун киргизүү керектигин сунуштады.

"Базарда сатып жатса, анча-мынчасы мыйзамды билбей алып алышкан. Аларда эмне күнөө? Болгондо дагы эң карапайым эл сатып алган. Ошол менен такси кылып, күнүмдүк акчасын таап жатышат. Акчасы болсо ошол унааны алмак беле? Биз азыр аларга чектөө киргиздик, "бир гана жолу унааны каттайсың жана ошол адам гана айдайт" деп. Эми үй-бүлөдө атасы, баласы айдайт экен, кечинде атасы, эртең баласы такси кылат. Ал жерге үй-бүлөнүн мүчөсү дегенди эле кошуп коёлу, ошол менен маселе чечилет.

Эми 100 миң сомду 50 миңге түшүрдү. Бирок кубу чоң унаалар ошол боюнча калды. Аны деле бөлүп төлөөгө беришсин да, 50 миң азыр төлөсүн, 50 миң кийин төлөсүн. Ошол унааларга үч нерсеге: бөлүп төлөө, үй-бүлө мүчөлөрүнө жана алып келген өлкөсүнө кайра сатууга уруксат берели. Кыргызстанда сатпай эле коюшсун, бирок башка өлкөгө сата беришсин да", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абхаз, армян номурлуу машинелердин ээлеринин өкүлдөрү менен жолугуп, кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубга чейин болгон унааларды легалдаштыруунун баасы арзандай турганын билдирген.

Марлен Маматалиевдин сунушу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан