Өлкөдө кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубга чейин болгон абхаз, армян номурлуу оң рулдуу унааларды легалдаштыруунун баасы арзандады. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 9-апрелде абхаз, армян номурлуу машинелердин ээлеринин өкүлдөрү менен жолуккан. Жыйынга тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышкан.
Жыйында Абхазиядан, Армениядан ташылып келген машинелердин ээлери 100 миң сом көп экенин айтып, арзандатып берүү өтүнүчүн билдиришкен. Ошондой эле унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана каттоо процессиндеги айрым көйгөйлөргө токтолушкан.
Жыйында Камчыбек Ташиев алдыда чет өлкөлүк номурлуу унааларга чыккан токтомго өзгөртүүлөр киргизилерин маалымдады. Анда абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун баасы кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубга чейинки унааларга 50 миң сомго төмөндөтүлгөн. Ал эми унаа токтотуучу жайга күнүнө 100 сом эмес, 50 сом деп каралган.
"Тийиштүү лабораториялык текшерүүнүн баасы 2800 сомдон 1000 сомго түшүрүлдү. Ал эми Чек ара кызматынан берилүүчү аныктама жокко чыгарылды. Муну менен жарандарга жеңилдиктер берилди. УКМК төрагасы тийиштүү мекемелрдин жетекчилерине жогоруда айтылган маселелерди тез арада чечүү тапшырмасын берип, унааларды мыйзамдаштыруу процессин да кечеңдетпей, жоопкерчилик менен кароону тапшырды.
Белгилей кетсек, абхаз, армян номурлуу машинелердин ээлери мыйзамдаштыруу процессине байланыштуу 14-апрелден баштап УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот", - деп билдиришти УКМКдан.