АКШ президенти Дональд Трамп унаа алууга муктаж болбогондугуна карабастан миллиардер Илон Маскты колдоо үчүн ал чыгарган Tesla унаасын сатып алган. Бул тууралуу Америка лидери кечээ, 10-апрелде өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда айтканын SKY News басылмасы жазды.
Трамптын айтымында, ага Илон Масктын кереги жок, ал жөн гана миллиардерди жакшы көрөт.
"Мен аны колдоо үчүн акча аябастан укмуштуудай унаасын сатып алгам. Ал унааны учурда Ак Үйдүн кызматкерлерине өткөрүп бергем. Унааны азыр алар айдап жүрүшөт.
Мен муну колдоо иретинде жасадым. Башка көптөгөн адамдар да ушундай кылышты. Ал мыкты иштерди жасап жатат, аны сындабастан, тескерисинче, колдошубуз керек", - деген Трамп.
Буга чейин Трамп миллиардер Илон Масктын Tesla компаниясынын акциялары 15 пайыздан ашык арзандап кеткендиктен аны колдоо үчүн жаңы Tesla унаасын сатып алууну убада кылган.
Кийинчерээк ал журналисттердин көзүнчө унааны сатып алган.