Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына күч түзүмдөрү тарабынан ур-токмокко алынып жаткандардын видеосун жарыялап, сабоого алынгандар кыргызстандыктар экенин билдирди.
"Мекендештер, Москвадагы кыргыз ишкеринин мончосуна ОМОН менен бирге бастырып кирип келген жоон топ, биздин жердештерди жапайыларча сабап киргени акылга сыябы?!
Бийлик өкүлдөрү, ТИМ, элчилик кана реакция?! Өткөндө да кыргыз ишкеринин имаратына кирип келишип, террорчулардан беш бетер сабап кетишкен. "ЕАЭБде мүчөбүз, союздашпыз, стратегиялык өнөктөшпүз" деп, жүздөгөн мекендешибизди сабатып, унчукпай коёбузбу?
Тез арада тиешелүү иш-чараларды алып баруу зарыл! Жөн эле өз жумушун жасап, тынч оокат кылып жүргөндөргө мындай жапайылык, зөөкүрлүк кылгандарды Орусиянын күч органдары тез арада жоопко тартып, маалыматты биздин эл алышы керек.
Кылмыш кылгандарды компенсация төлөтүп, бардык келтирилген чыгымдарды калыбына келтиртип, кечирим суратыш керек!" - деп жазды ал.